“ЭККМК мурун аныкталган коррупциялык схема боюнча экономикалык контрабанда фактысын аныктады”

12 сентября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын (Бажы бирлигинин) аймагына кымбат баалуу унааларды ташып кирүү боюнча аныкталган коррупциялык схемалардын алкагында “ВОЛЬВО” белгисиндеги жүк ташуучу унааны ташып кирүү, жасалгалоо жана жасалма документтерди колдонуу фактысын ачыкташты.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 223-беренеси (экономикалык контрабанда) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Люксембург айылынын аймагына тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда 2002-жылы чыккан “ВОЛЬВО” белгисиндеги жүк ташуучу унаа   жана 2001-жылы чыккан “Автотрейдинг” белгисиндеги чиркегич токтотулган, алар кийин “ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын техникалык багыттагы борбору” мамлекеттик ишканасынын айып короосуна киргизилди.

Аталган жүк ташуучу унаа Кыргыз Республикасынын аймагына жасалма документтер менен, иш жүзүндө унаанын өзү жок болуп ташылып кирилгендиги аныкталды. Андан соң, аталган унаа кылмыштын изин жакшыруу максатында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде бир нече жолу кайрадан катталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын эсептерине ылайык мамлекеттин бюджетине түшпөй калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 миллиондон көп сомду түздү.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат, анын алкагында мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар жүрүп жана катыштыгы бар адамдар аныкталып жатат.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев