“ЭККМК жүк ташуучу унааны ташып кирүүдөгү экономикалык контрабанда фактысын аныктады”

18 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери “Ванхул” жүк ташуучу чиркегичи бар “Вольво” белгисиндеги жүк ташуучу унааны ташып кирүүдөгү экономикалык контрабанда фактысын аныкташты.

Мурун, ЭККМКга республиканын аймагына ташылып кирилген автотранспорттук каражаттарды бажылык тариздөө жана органдарга алгач каттоого коюу тууралуу маалыматтардын айырмаланып жаткандыгы жөнүндө түшкөн материалдар боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү, анын жүрүшүндө,
2016-жылы эле “Ванхул” жүк ташуучу чиркегичи бар, 2008-жылы чыккан “Вольво” белгисиндеги жүк ташуучу унаа ташылып кирилгени аныкталды. Бул транспорттук каражаттар Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Бишкек шаары боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментине алгачкы каттоого турган жана Кыргыз Республикасынын “М.А.” деген жаранынын атына мамлекеттик номерлерди, күбөлүктөрдү берүү менен катталган.

Бул факт Кыргыз Республикасыныннын Жазык кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (экономикалык контрабанда, башкача айтканда Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же башка предметтерди ири өлчөмдө өткөрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

Жогоруда аталган Департаменттен алынган маалыматтарга ылайык, алгачкы каттоого коюу үчүн автотранспорттук каражаттарга болгон коштомо документтер жана тергөө жүргүзүү учурунда жасалма деп табылып, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтар базасында эсепте турбаган товарларга болгон декларациялар негиз болгон.

Ошондой эле, “М.А.” деген жаранды суракка алган учурда,  жогоруда аталып өткөн транспорттук каражаттарды сатып албагандыгын, демек, республиканын бажы органдарына кайрылбагандыгын айтып берген.

Ошентип, белгисиз адамдардын мыйзамга каршы иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 1 миллион 408 миң 512,98 сом суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ушул жылдын 10-июнунда, Токмок шаарынын аймагына тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда аталган жүк ташуучу унаа, жүк ташуучу чиркегичи менен кармалып, айып короосуна киргизилген.

Азыркы убакта, ЭККМК катыштыгы бар адамдарды аныктоого, ошондой эле мамлекеттин бюджетине зыянды өндүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев