“ЭККМК “Лексус- GX470” белгисиндеги унааны мурун аныкталган коррупциялык схема боюнча контрабандалык ташып кирүү фактысын аныктады”

18 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын (Бажы бирлигинин) аймагына кымбат баалуу унааларды ташып кирүү боюнча аныкталган коррупциялык схемалардын алкагында “Лексус-GX470” белгисиндеги унааны ташып кирүү, жасалгалоо жана жасалма документтерди колдонуу фактысын ачыкташты.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 230-беренеси (бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган унаа Кыргыз Республикасынын аймагына 2017-жылы, жасалма документтер менен, иш жүзүндө унаанын өзү жок болуп ташылып кирилгендиги аныкталды. Андан соң аталган унаа кылмыштын изин жакшыруу максатында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде бир нече жолу  кайрадан катталган. 2008-жылы чыккан “Лексус-GX470” белгисиндеги унаа сот өндүрүшү аяктаганга чейин айып короосуна киргизилди.

Мамлекеттик бюджетке жогоруда аталган унааны ташып кирүүдөн келтирилген болжолдуу зыян  1 миллион 700 миңден көп сомду түздү.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат, анын алкагында мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар жүрүп жана катыштыгы бар адамдар аныкталып жатат.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев