“ЭККМК, 7 миллион сомдон көп суммадагы элдик керектөөдөгү товарларды контрабанда жолу менен ташып кирүү фактысын аныктады”

29 ноября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Баткен облусунун Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагына элдик керектөөдөгү товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактыларына бөгөт коюуга, аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, ушул жылдын 21-ноябрында Кадамжай районунун иштебеген базарларынын биринде  “MAN” жана “Вольво FH” маркасындагы 2 жүк ташуучу автоунааны кармашкан.

Аларды кароо учурунда, ичинде жалпы көлөмү 13 тоннадан көп эч кандай тийиштүү документтери жок элдик керектөөдөгү товарлар (эркек, аял кийимдери) болгону аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын адистеринин корутундусуна ылайык табылган товардын орточо рыноктук дүң наркы 7 миллиондон көп сомду (7 684 250 сом)  түзөт. 

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде каралган (контрабанда) кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев