“ЭККМК финансылык пирамиданы уюштуруу фактысын аныктады”

6 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) (мындан ары - ЭККМК) тергөө башкармалыгынын Нарын облусу боюнча тергөө бөлүмүнө Нарын шаарынын жергиликтүү жашоочулары атайын адамдардын тобуна карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан, алар аталган арыз ээлеринин ишенимине кирип алып, жеңил эле материалдык жактан байыйсыңар деген сөздөр менен, аларды пайдалуу бизнес деген сыяктууга акча каражаттарын берүүгө көндүрүшкөн.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
214-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда, аталган кылмыштуу бизнестин уюштуруучулары төмөнкү жарандар болушкандыгы аныкталды Асанбек кызы Элзат, “А.Н.” жана “А.Р.”, алар өз кызыкчылыктары үчүн  2017-2018-жылдары Нарын шаарынын борбордук базарларынын биринин аймагына  «Five Winds» компаниясынын кеңсесин ачышкан. Андан соң, аталган адамдар юстиция жана салык органдарына катталбастан, мыйзамсыз киреше алуу максатында финансылык пирамида ишмердигине шарт түзүшкөн жана жарандардын ишенимине кирип алышып, башка (алданып калган) керектөөчүлөрдүн эсебинен алынган компенсацияны (киреше) алуу үчүн ага катышууну сунушташкан.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунун 270ден ашык жашоочулары алданып калганы аныкталды. Кылмыштуу топтун кыянаттык иш-аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыян болжол менен  30 миллиондон көп сомду түзгөн. Муну менен бирге аталган компанияга кирүү үчүн керектүү акча каражаттарынын минималдуу суммасы 7 миңден ашык сомду, ал эми максималдуу суммасы эки миллионго жакын сомду түзгөн. 

2019-жылдын 24-майында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун “Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип бара жаткан жеринен, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин
98-беренесине ылайык финансылык пирамиданын уюштуруучулары Асанбек кызы Элзат кармалган, андан соң Нарын шаарынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ушу эле күнү Нарын райондук соту тарабынан жаран Асанбек кызы Элзатка карата 2 айга камакка алуу жаза чарасы тандалган.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Эгерде сиздер аталган “Five Winds” компаниясынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыр тартсаңыздар,  тезинен ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыздар: Бишкек ш., Манас пр.101/1, ошондой эле  оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүн телефон номерлери (0312) 323 091, 323 707.

ЭККМК жарандарды сак болууга жана мыйзамсыз материалдык баюуга берилбөөгө чакырат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев