“ЭККМК күйүүчү май түрүндө дизель майын ташып кирүү фактысын аныктады”

20 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн “Чоң-Капка унаа жолу” контролдук-өткөрмө пунктундагы мобилдүү топтун курамындагы кызматкерлери республиканын аймактарына акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Казакстан Республикасынын “К.К.” деген жаранынын башкаруусундагы, цистернасы 23 тоннадан көп сандагы  күйүүчү-майлоочу материалдарга (КММ) (күйүүчү май) толгон “DAF” белгисиндеги жүк ташуучу унаа кармалган.

Бул факт Кыргыз Республикасыныннын Жазык кодексинин
231-беренесинин 1-бөлүгү (бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

Андан соң, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруунун алкагында кармалган унаалардын ээлери, өз эрктери менен 50 миң сомго жакын суммада дизель майын ташып кирүүгө акциз салыгын төлөгөн.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого, бөгөт коюуга багытталган активдүү чараларды көрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев