“ЭККМК Ички иштер министрлигинин жалган кызматкери акча каражаттарын опузалап талап кылган фактыны аныктады”

21 января 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнө “К.М.” деген жаран, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары – КР ИИМ) Ош облусу боюнча региондор аралык башкармалыгынын кызматкери сыяктанган “С.Б.” деген жаран опузалап пара талап кылган фактысы боюнча арыз менен кайрылган, ал өзүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, кылмыш ишин кайра жаңылантам жана кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, арыз ээсинен 1 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылган.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган жана тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн, алардын жүрүшүндө опузалап талап кылган адамга бериле турган акча каражаттар даярдалган. Бирок, ал накталай акча алуудан баш тартып, акча каражаттарын жеке банк эсебине котор деп талап кылган.

Ушинтип, ушул жылдын 16-январында арыз ээси тарабынан КР ИИМдин Ош облусу боюнча региондор аралык башкармалыгынын кызматкери сыяктанган, опузалап талап кылып жаткан адамдын атына акча каражаттары которулган, андан кийин Ош шаарынын соода борборлорун биринен 69 750 сом (1 миң АКШ доллары) суммадагы акча каражаттарын алгандан (чечип алгандан) кийин “С.Б.” деген жаран кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө, “С.Б.” деген жаран азыркы учурда эч жерде иштебей тургандыгы жана ички иштер органдарынын мурда иштеп кеткен кызматкери болгондугу аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин
98-беренесине ылайык кармалган жаран Жалал-Абад шаарынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Урматтуу республиканын жарандары жана ишкерлери!

Сиздер эгерде кызмат адамдары же башка адамдар тарабынан опузалоонун, мыйзамсыз терс жыйымдардын жана негизсиз текшерүүлөрдүн курмандыгы болуп калсаңыздар ЭККМК тезинен Финансы полициясына Бишкек ш., Манас пр. 101/1 дареги боюнча, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүн телефонуна (0312) 323 091, 323 707 кайрылууңуздарды өтүнөт.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

https://www.youtube.com/watch?v=Nk8iprSfixE&fbclid=IwAR2fw_Nu0zZbfCf3wuNIelOq_jbFEy4_lXK1xXJD12gH1yfAz2XEhptaQSs

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев