“ЭККМК Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек ш. Свердлов району боюнча башкармалыгынын кызматкери тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады”

30 июля 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Бишкек шаардык башкармалыгына “Ш.Э.” аттуу жарандан Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек ш. Свердлов району боюнча башкармалыгынын кызматкери маселени оң жакка чечип берүү үчүн опузалап пара талап кылган фактысы боюнча арыз түшкөн. ЭККМКнын чогултулган материалдары боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынны Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ЭККМКнын Бишкек ш. башкармалыгынын кызматкерлери 2018-жылдын 27-июлунда өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 15 миң сом суммадагы пара алып жаткан жеринен МСКнын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын улук тескөөчүсүн кармашты. 

Азыркы убакты тергөө иштери жүрүп жатат.

Видеосюжет тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.


Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев