“ЭККМК Мамлекеттик салык кызматынын кызматкеринин 200 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады”

8 октября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) “Ж.С.” деген ишкерден Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын кызматкери өзүнүн кызматтык абылынан кыянаттык менен пайдаланып, айыптык санкцияларды салам деп корутуп, маселени ишкердин пайдасына чечип берем жана мындан ары коргоп турам деп, ишкерден 200 миң сом өлчөмүндө “пара” талап кылган фактысы боюнча арызы түшкөн.
ЭККМК чогулткан материалдар боюнча башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
2018-жылдын 3-октябрында ЭККМКнын кызматкерлери козгогон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Жалал-Абад шаарында 80 000 сом суммада “паранын” биринчи бөлүгүн алып жаткан жеринен МСКнын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн улук инспектору “О.А.” кармалды.
2018-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын 1-тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндө чараны тандады.  
Азыркы убакта  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрүнөн жана опузалап талап кылууларынан коргоо боюнча бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.
Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
Видеосюжет тиркелет.


Взятка УГНС г. Джалал-Абад.mp4

Взятка УГНС г. Джалал-Абад.mp4
КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев