“ЭККМК Чаткал райондук жерге жайгаштыруу боюнча башкармалыгынын жооптуу адамдары тарабынан кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады”

7 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 30-январындагы “Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” чечимин аткаруу максатында, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү кылмыштарга, жоруктарга бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди туруктуу негизде жүргүзүшүп жатышат.

Ошентип, тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда Чаткал райондук  жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жооптуу адамдары өз кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, “Е.” ЖЧКнын пайдасына айыл коромжусунун эсебин туура эмес  жүргүзүшкөндүгү аныкталды.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
320-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чогултулган маалыматтарга ылайык аталган “Е.” ЖЧК Чаткал районунун кен чыгуучу жерлеринин бириндеги жалпы аянты  67,9 гектар, анын ичинен  25 гектар сугарылуучу,  1,7 гектар сугарылбаган, 19,78 таштак жайыт жер, ал эми 0,65 гектар кен катмары болуп саналган кенди пайдалануу укугунун лицензиясына ээ болгон.

Бирок, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына маалыматтарды берүүдө “Е.” ЖЧК ижарага алып жаткан жер тууралуу маалыматты бурмалап койгон. Мында, аталган Башкармалыктын жооптуу адамдары “Е.” ЖЧКнын пайдасына айыл коромжусунун эсебин туура эмес жүргүзүшкөн, ошентип мамлекетке 10 миллион 597 миң 934 сом суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

Азыркы убакта келтирилген зыяндарды мамлекеттин бюджетине өндүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев