“Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Ош облусу боюнча региондор аралык экзамендик тобунун кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысын ЭККМК аныктады”

2 августа 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) кызматкерлери Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-алай райондору боюнча региондор аралык экзамендик тобунун (РАЭТ) кызматкерлери  катышкан, мамлекеттик бюджетке тийиштүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагына кымбат баалуу автоунааларды ташып кирүүнүн мурун аныкталган коррупциялык схемасы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, контрабанда жолу менен автоунааларды ташып кирүүнү аныкташты.

 

2017-жылдын октябрында РАЭТин башчысы “М.А.” аттуу жаран тарабынан “Скания” маркасындагы жүк ташуучу автоунаа жана “Панав” маркасындагы чиркегич алгачкы ирет катталып, транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк жана Казакстан Республикасынын Түштүк-Казакстан облусу (ТКО) боюнча ИИМнин каттоосунан чыгаруу сыяктуу документтердин негизинде мамлекеттик номерлердин берилгендиги аныкталды. Бирок, Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ТКО боюнча департаментинин жообуна ылайык аталган жүк ташуучу автоунааны жана чиркегичти каттоодон чыгаруу сыяктуу иш-аракеттер болгон эмес жана  транзиттик номерлер берилген эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын эсебине ылайык мамлекеттик бюджетке түшпөй калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болжол менен 900 миңден көп сомду түздү.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 350-беренелеринде (жасалма документтер) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.      

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев