“ЭККМК “Келечек” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады”

6 августа 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен бирге “Келечек” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныкташты. 

 Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөндө төмөнкүлөр аныкталды: республикалык бюджетке түшө турган 3 миллион сомдон көп суммадагы чыгымдарды негизсиз көбөйтүү боюнча мыйзам бузуулар, 400 миң сомдон көп суммадагы баалуу эмес-бат жыртыла турган буюмдарды сатып алууга негизсиз жумшалган акча каражаттары, ошондой эле жалпы суммасы 3 миллион 970 миң 400 сомго кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча мыйзам бузуулар. Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Накталай эмес эсептешүүлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун жана Улуттук банкынын талаптары бузулган, мында накталай эсептешүүнүн ордуна эмгек акы берилген, ошондой эле 5 миллион сомдон көп суммага товардык-материалдык баалуулуктар жана кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынган.

ЭККМК жана УКМК чогултулткан материалдардын негизинде прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 3-б., 4-б. 2-п. (коммерциялык уюмдардын кызматчылары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.    

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев