“ЭККМК жашыруун иштеп жаткан ири алкоголдук фабриканы аныктады”

14 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 12-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Ысык-Көл облусунун Тоң, Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамсыз ишкердик ишти жүзөгө ашыруу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн, тагыраак айтканда курамында спирт бар ичимдиктер өндүрүшүнүн алкагында иш-чараларды жүргүзгөн учурда,  жасаган жери Оренбург облусу менен жасоочу “Степные просторы” ЖЧКысы көрсөтүлгөн “Оренбургский пуховый платок” деген расмий тилдеги аталышта шек жараткан акциздик маркадагы (Казакстан Республикасынын маркасы) кол менен жасалган арак продукцияларын мыйзамсыз жасоону жана сатууну жүзөгө ашырган кылмыштуу топ аныкталды.

ЭККМКнын атайын багыттагы кызматкерлерин тартуу менен тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзгөн учурда, Балыкчы шаарынын өндүрүштүк аймактарынын биринен активдүү иштеп жаткан, өзгөчө ири өлчөмдөгү шек жараткан сапаттагы алкоголдук продукцияны жасаган жашыруун фабрика аныкталды.

Өндүрүштүк жайларга кароо иштерин жүргүзгөндө көп сандаган даяр алкоголдук продукциялар, бош бөтөлкөлөр жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын акциздик маркалары табылган. Тинтүү учурунда имараттын ичинде 20га жакын адам иштеп жаткан.

Азыркы учурда ЭККМК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча, ошондой эле мыйзамда белгиленген ченемдерге туура келбеген жана ден соолукка, калктын өмүрүнө коркунуч жараткан жашыруун иштетилген сапатсыз алкоголдук продукцияны жүгүртүүдөн алуу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Урматтуу жарандар!

Эгерде сиздерге жасалма алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз жасоо жана сатуу фактылары, ишкердик ишти мыйзамсыз жүзөгө ашырган же укук бузган, бизнеске басым кылган башка фактылар, административдик барьерлер же коррупциялык көрүнүш фактылары белгилүү болуп калса, сиз ЭККМКга 1955 түз номери боюнча кайрыла аласыз.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев