“ЭККМК акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын ташып чыгуунун ири партиясын аныктады”

24 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарларды (ЭКТ) мыйзамсыз ташып кирүү, ташып чыгуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшүп, тамеки продукцияларын контрабанда жолу менен Казакстан Республикасынын аймагына ташып чыгуу фактысын аныкташты.

Ошентип, ушул жылдын 15 жана 16-июнунда Панфилов районунун аймагындагы “Чалдыбар унаа жолу” контролдук-өткөрмө пунктунда (КӨП) ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жалпы саны 90 миң таңгак болгон акциздик маркасы жана тийиштүү коштомо документтери жок тамеки продукциялары жүктөлгөн “Мерседес” маркасындагы (кичи автобус) унаа кармалган.

Ошондой эле, ушул жылдын 23-июнунда “Ак-Жол” КӨПдө ушундай эле  59 миң таңгак (59 500 таңгак) болгон акциздик маркасы жана тийиштүү коштомо документтери жок тамеки продукциялары жүктөлгөн “Форд-Транзит” маркасындагы унаа кармалган.

Муну менен бирге, төлөнбөгөн акциз салыгы түрүндө  бул продукциядан алдын ала келтирилген зыян 3 миллиондон көп сомду түздү.

Азыркы убакта кармалган унаалар айып короосуна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев