ЭККМКнын кезектеги коррупциялык схеманы аныктады, ага Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарынын катыштыгы бар.

25 января 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары - МСК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн биринин кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча кезектеги коррупциялык схеманы аныкташты.

Тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда МСКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын бир райондук бөлүмүнүн начальниги «Э.Т.», тескөөчүлөрү «Б.Ч.» жана «Р.А.» деген жарандар өздөрүнүн кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттин жана бизнестин өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарына каршы жеке ишкер «А.Т.» деген жарандан акча опузалап талап кылышкандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин   326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

          2019-жылдын 18-январында МСКнын аталган кызмат адамдары эки транш менен (мурун биринчи транш 50 миң сом суммасында тескөөчүлөрдүн биринин атына пара катары банктык которуу аркылуу болгон андан кийин жеке ишкер «А.Т.» деген жарандан салыктык карызды азайтуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн «Мерседес-Бенц» маркасындагы автотранспорттук каражатты талап кылышкан, анын негизинде тескөөчү “Б.Ч.” деген жарандын талабы боюнча, кысым жана коркутууда бул автоунаа анын жакын досуна катталган. 

2019-жылдын 18-январында ЭККМКнын кызматкерлери козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган МСКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарын бөгөт коюу чарасы каралганга чейин Бишкек ш. убактылуу кармоочу жайына киргизишти.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) тарабынан жогоруда аталган МСКнын ишмердигиндеги башка коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча ушул сыяктуу учурлар иштелип жатат.

 Видеоматериал тиркелет.

Налоговая по Жалал-Абадской области.mp4

Налоговая по Жалал-Абадской области.mp4

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев