“ЭККМК күйүүчү-майлоочу материалдардын башаламан сатылып жаткан түйүнүн Ленин айылынын үйлөрүнүн биринен тапты”

1 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

“ЭККМК күйүүчү-майлоочу материалдардын башаламан сатылып жаткан түйүнүн Ленин айылынын үйлөрүнүн биринен тапты

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө “А.М.” деген жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган, ал адамдар мамлекеттик чек аранын “Ак-Жол унаа жолу” контролдук-өткөрмө пункту (КӨП) аркылуу өздөрүнүн “Мицубиси Паджеро” унаасынын багына күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары - КММ) күн сайын ташышкан, андан кийин КММны МАИнин постунан алыс эмес жерде кампага сакташкан, КММны мыйзамсыз сатышкан. Аталган унаа бир күндө 10го жакын жолу каттаган, унаанын заводдук багы болжол менен  100 литрди түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган. Андан кийин, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруунун алкагында аталган унаа айып короосуна киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу учурунда, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө  аталган унаа “Ак-Жол” КӨП аркылуу мамлекеттик чек арадан өткөндөн кийин Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы дареги боюнча  посттон болжол менен 500-700 метр аралыкта жайгашкан үйлөрдө КММны кампага сакташкандыгы аныкталган.

Буларды эске алып, КММны, насосторду, чоң идиштерди, канистраларды жана башка бул сотко чейинки өндүрүшкө маанилүү болгон предметтерди табуу максатында, КММнын иш жүзүндө кампага сакталган жерин тинтүү зарылчылыгы пайда болгон.

2019-жылдын 29-октябрында Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун токтомунун негизинде аныкталган даректер боюнча короолордо тинтүү иштери жүргүзүлдү, ал жерден КММны сактоо жана ташуу үчүн чоң идиштер, электрондук насостор, ар түрдүү көлөмдөгү идиштер, шлангилер жана башка керектүү шаймандар табылган.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

ЭККМК тарабынан Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча ушундай фактыларды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары уланып жатат.

         КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев