“ЭККМК 77 миллион сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн четтөөнү аныктады”

5 октября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинде (бажы төлөмдөрүн төлөөдөн четтөө) каралган кылмыштын белгилери боюнча мурун козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө 
иш-чараларын жүргүзүшүп, “К.Т.ЖЧК таарбынан мамлекеттик бюджетке
77 миллион сом
суммасында өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин аныкташты.
“К.Т.” ЖЧКнын жетекчилиги баасы 9 миллиондон көп АКШ доллар  болгон элдик керектөөдөгү товарларды (пластмасс куйманы) даярдоо боюнча атайын кымбат баалуу жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагына кошумча нарк салыгын (КНС) төлөбөстөн Прибалтика өлкөлөрүнөн ташып келип жатышканы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесине (импорттолуучу негизги каражаттарды бошотуу) ылайык -  КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъекттер өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүчү негизги каражаттар, КНС төлөөдөн бошотулат.
Бирок, кара ниет адамдар салык мыйзамдарынын жогоруда аталган КНСти төлөөдөн бошотуу ченемин колдонушуп, ташып келген жабдууларды өндүрүштүк максаттар үчүн колдонбостон, кайра сатуу жана 77 миллион сом суммадагы КНСти төлөөдөн четтөө максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып кетүүнү пландап жатышкан. Муну менен бирге, “К.Т.” ЖЧКнын жетекчилиги тарабынан аталган жабдуулар ташылып келингенден бери түшүрүлгөн эмес жана колдонулган эмес.
Натыйжада ЭККМКнын кызматкерлери жашырылган кылмыш предметтерин табуу жана алуу жолу менен тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөндө өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүн четтөөнүн аталган схемасы аныкталды.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев