“Линолеумду контрабанда жолу менен ташып кирүү фактысын ЭККМК аныктады”

27 июля 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери менен Түштүк ыкчам бажысынын бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бирге бар болгон маалыматтар боюнча бирдиктүү иш-чаралардын планынын алкагында ыкчам-издөө иштерин жүргүзгөн, натыйжада ушул жылдын 8-июлунда  Ноокат районунун Бел-Өрүк айыл аймагында “Хундай Портер” автоунаасы табылган.

Автотранспорттун жүк салынган жагын караганда, тийиштүү документтери жок 29 рулон линолеум табылды.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
204-беренесинде (контрабанда) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев