“ЭККМК: “газ конденсаты” түрүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды көп ташуу фактысы аныкталды”

6 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2020-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен бирге тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшкөн учурда, “газ конденсаты” деп суюктук менен толтурулган 4 вагон-чоң идиш кармалган,  бирок факт боюнча жалпы көлөмү 200 тонна бензин (жүргүзүлгөн экспертизага ылайык) ташылып келе жаткан.

Ошентип, мамлекеттик бюджетке 2 миллионго жакын сом суммада  өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген, бул түшпөй калган салыктык төлөмдөр түрүндө болгон, алар билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык системаны өнүктүрүүгө жумшалмак.

Азыркы убакта, жүктүн ээлери мамлекеттик бюджетке келтирилген зыянды төлөөгө даяр экендигин билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныктоо боюнча тийиштүү иш-чараларды ЭККМК улантып жатат.

Муну менен бирге, ЭККМК мурун мыйзамсыз жол менен ташылган КММны аныктоо, ошондой эле аны шек жараткан түйүндөрдө (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) сатууну токтотуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдайбыз.

Белгилей кетчү нерсе, сапатсыз май сиздин унааңызды бузуп, айлана чөйрөгө орду толгус зыян, демек, жарандардын ден соолугуна да зыян алып келиши мүмкүн: дем алуу органдарынын өнөкөт оорууларынын саны көбөйүп жатат, тукум улоочу функция төмөндөп жатат, өлүм көбөйүп жатат

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев