“ЭККМК психикалык жактан жана эпилепсия менен жабыркаган адамга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүгүн берүү фактысын аныктады”

31 июля 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери жарандарды окутууда, автотранспорт каражаттарын айдоого укуктарды берүүдө автомектеп тарабынан мыйзамдардын бузулушун аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, психикалык оору менен ооруган адамга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүгүн берүү фактысын аныкташты.

2016-жылдын октябрында Жумгал району боюнча транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин, Жумгал району боюнча ҮМБнын (үй-бүлөлүк медицина борборунун) жооптуу адамдары “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын, ошондой эле “Автотранспорттук каражаттарды башкаруу жана жеке транспорттук каражаттарды башкаруу боюнча иштерге уруксат берүүгө медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмесин” бузуп,   Жумгал районунун “Чаек” айылынын тургуну “Б.К.” аттуу жаранга “ВС” категориясындагы айдоочулук күбөлүгү 2015-жылдан тарта “жеңил түрдө акыл-эси кем” жана “эпилепсия” диагнозу менен диспансердик каттоодо тургандыгына карабастан берилген.

ЭККМК чогулткан материалдар боюнча Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык) жана 350-беренелеринде (жасалма документтер) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.     

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы ушундай фактыларды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев