“ЭККМК: “Уайт-спирит” түрүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып кирүү фактысы аныкталды”

14 января 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери мурун катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда бензин жыттанган жүк бар вагон идишти кармашты. Бирок, берилген документтерге ылайык аталган идиш жалпы көлөмү 68 тонна “Уайт-спирит” менен толтурулган.

Идиште чын эле бензин ташылып бара жатабы деген шектенүүгө байланыштуу (бул салыкты төлөөдөн качуу фактысынын болушун божомолдойт), ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз ташууга түрткү кылган укук бузуулар жана кылмыштар фактыларын аныктоо боюнча иштерди уюштуруу, активдештирүү максатында, ташылып бара жаткан суюктукту аныктоо боюнча тийиштүү экспертизаны жүргүзүү чечими кабыл алынган.

ЭККМК Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн КММны жалпы республика боюнча мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныктады.

Муну менен бирге, ЭККМК мурун мыйзамсыз жол менен ташылган КММны аныктоо, ошондой эле аны шек жараткан түйүндөрдө (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) сатууну токтотуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдайбыз.

Урматтуу жарандар!

Сиздер эгерде КММнын белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатылышы (башаламан соода) жөнүндө кандайдыр бир маалымат билсеңиздер ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.

Муну менен бирге, белгилей кетчү нерсе, сапатсыз май сиздин унааңызды бузуп, айлана чөйрөгө орду толгус зыян, демек, жарандардын ден соолугуна да зыян алып келиши мүмкүн: дем алуу органдарынын өнөкөт оорууларынын саны көбөйүп жатат, тукум улоочу функция төмөндөп жатат, өлүм көбөйүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев