“ЭККМК дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын мыйзамсыз иштетилгенин жана сатылганын аныктады”

17 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгына республиканын базарларынын биринде дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз иштетүү, сатуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин өкүлүнөн кайрылуу келип түшкөн.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 97-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган.

Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясына ээ болгон дарыканалар аркылуу гана сатылышы керек экендигин белгилеп өтүү керек.

Ушул жылдын 12-февралында, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү учурунда ишке маанилүү болгон жоруктарды жасоо фактыларын күбөлөндүргөн буюмдарды,  документтерди табуу, алуу максатында “Д.Д.” базарына тинтүү иштери жүргүзүлдү, анын жыйынтыгында  тийиштүү документтери жок дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар табылган.

Урматтуу жарандар!

Эгерде сиздерге тийиштүү документтери жок дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз даярдоо, сатуу  фактылары жана ишкердик ишти мыйзамсыз жүзөгө ашырган башка фактылар же укук бузуу, бизнеске кысым жасоо, административдик тоскоолдуктар же коррупциялык көрүнүштөгү фактылар белгилүү болуп калса, ЭККМКга 1955 түз номери менен кайрыла аласыздар.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев