ПРЕСС-РЕЛИЗИ

30 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда, Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Сокулук району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынын натыйжасында, ыктыярдуу патенттин аябай аз коюмун колдонуу жолу менен жүргүнчүлөрдү ташууда салыктарды төлөөдөн качуу схемасы аныкталды.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 113-беренеси боюнча (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө “Т.” жоопкерчилиги чектелген коомдун ташуу фирмасы тарабынан Сокулук районунан Бишкек шаарына күн сайын жүргүнчүлөрдү ташуу кызмат көрсөтүүлөрү жүзөгө ашкан. Аталган жоопкерчилиги чектелген коом МСКнын башкармалыгынан жүргүнчүлөрдү ташууга ыктыярдуу патентти узартууга акча каражаттарын айдоочулардан ай сайын чогултуп келген, анда ишмердикти жүзөгө ашырган район “район боюнча” деп көрсөтүлгөн, ал эми  патенттин коюму 1 миң сомго барабар болгон.

Бирок, МСКнын буйругуна ылайык жүргүнчүлөрдү ташууга ыктыярдуу патенттин коюму бир райондун чегинен чыкса, республиканын чегинен тышкары сыяктуу коюм боюнча 1500 сом деп белгиленет, буга байланыштуу ай сайын ыктыярдуу патентке ар бир айдоочудан бюджетке 500 сомдон түшпөй калган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө болжол менен мамлекетке келтирилген зыян 350 миң сомго жакын өлчөмүндө аныкталды. Келтирилген зыяндын суммасы жогорулатылганга байланыштуу, босогосу 1000 эсептик көрсөткүчтө (100 000 сом), жоруктар жөнүндө иш Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин ушуга окшош 233-беренесине (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) алмаштырылган.

Муну менен бирге белгилеп өтчү нерсе, ЭККМКнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардан кийин ыктыярдуу патенттин коюмдарын колдонуу бөлүгүндө салыктык башкаруу салык мыйзамдарына ылайык, башкача айтканда 1500 сом коюм боюнча жүргүзүлөт, мында жүргүнчүлөрдү ташуудан ыктыярдуу патенттин түшүүлөрү 33% өстү

Азыркы убакта ЭККМК жалпы республика боюнча ушундай фактыларды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев