“ЭККМК жыгач материалдарды ташып бара жаткан 12 жүк ташуучу унааны кармады”

13 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыйыр салыктар менен иштөө боюнча башкармалыктын билдирүүсү менен ЕАЭБдин алкагында Чүй жана Талас облустарындагы “Чоң-Капка унаа жолу”  КӨПүнөн жыгач материалдар жүктөлгөн 12 жүк ташуучу унааны кармашты.

Аталган жүк ташуучу унааларды токтотуунун негизи себеби ташылып бара жаткан жүктүн (жыгач материалдары) эсеп-фактурасынын жок  болушу болгон.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Аталган жүк ташуучу унаалар иштин бардык жагдайларын териштиргенге чейин айып короосуна киргизилди.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев