“ЭККМК пара алуу фактысы боюнча ММКФ БАБнын директорун кармады”

31 января 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) кызматкерлери тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзгөндүн натыйжасында, 2020-жылдын 29-январында, Бишкек шаарынын соода борборлорунун биринен 1800 евро (143 миң сом) өлчөмүндө пара алууга шектелип жаткан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын директору “Б.М.” деген жаран кылмыш иштин үстүнөн кармалды.

Кармалган кызмат адамы, “А.А.” деген жарандан чет өлкөгө ишке орноштурууга керектүү медициналык маалымдамаларды жана башка документтерди жасап бергендиги үчүн акча талап кылган.

Бүгүнкү күндө, Бишкек шаардык биринчи май райондук соту тарабынан жаза чарасы тандалып алынат.

ЭККМК сотко чейинки өндүрүштү улантып жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК

https://www.youtube.com/watch?v=4xUhX2vbDdc&feature=emb_title

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев