“ЭККМК Октябрь айыл аймагынын башчысын опузалап пара талап кылган фактысы боюнча кармады”

3 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2020-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзгөн учурда, 350 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылганга шектелип жаткан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагынын башчысы “Т.К.” деген жаран кылмыш үстүнөн кармалды.

Кармалган жаран “К.А.” деген бизнесменден 400 миң сом өлчөмүндө кум-шагыл карьеринин ижарасына болгон келишимди бузуу үчүн акча опузалап талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган адамга №1 тергөө абагына камакка алуу жаза чарасы колдонулду.

https://www.youtube.com/watch?v=lKVzMHWhS9w&t=7s

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев