“ЭККМК мурун изделип жаткан, салыкты кара ниеттик менен төлөбөй койгон адамды кармады”

20 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 10-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Талас облусунун Манас районунун “Май” айылынын аймагына ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн учурда, мурун издөөдө жүргөн  1990-жылы туулган Р.Д. Тажибаев деген жаранды кармашты, ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүгүнүн

2-пунктунда (өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу) каралган кылмыштарды кылды деп айыпталган. Жогоруда аталган жаранга Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 1 айлык мөөнөткө камоо жаза чарасы тандалган.

Бул жаран акчалай сыйакы алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын аймагына Казакстан Республикасынан ташылып келинген, өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн элдик керектөөдөгү товарларынын (ун, тоют, токой жана ар түрдүү курулуш материалдары) импортун өзүнө каттаткандыгы, ошондой эле ал салык отчеттуулугун тапшырбай, жалпы суммасы 4 миллион сомдон көп (4 миллион 255 миң 382 сом) салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкандыгы аныкталды.

2017-жылдын сентябрында, шектүү тергөөдөн атайлап жашырынгандыгын эке алып, Талас шаардык соту, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камоо түрүндө жаза чарасын сыртынан тандоо жөнүндө токтом чыгарган.

Азыркы убакта, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө  мамлекеттин бюджетине келтирилген зыянды өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев