“ЭККМК 39 тоннадан көп күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бараткан унааны кармады”

4 декабря 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча райондор аралык бөлүмү Аламүдүн районунун аймагындагы (айланып өтмө жолдогу) акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Н.Т.” деген жаран айдап бара жаткан “Даф” маркасындагы транспорт каражаты “Калдал” деген чиркегичи менен токтотулган.

“Н.Т.” деген жаранды суракка алган учурда, ал “А.О.” ЖЧКнын мунайзатынын коштомо кагазын жана жалпы көлөмү 39 тоннадан көп (39 277 литр) “Бензин Аи -92” эсеп-фактурасын берген. Ошондой эле, суракка алынган адам күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) жүктөө иш жүзүндө Токмок шаарынын аймагында болгондугун айткан.

Берилген документтерде Мамлекеттик салык кызматынын Сокулук району боюнча башкармалыгынын кызматкери “Ч.Ч.” контролдук пломбаларды коюп,  КММны өткөргөн, бирок бул КММны ал өткөрбөгөндүгүн жана контролдук   пломбаларды койбогондугун айтты.

Буга байланыштуу, коштомо документтерде жасалмалоонун белгилери бар болгондуктан, иштин жагдайын териштиргенге чейин унаа айып короого киргизилди.

Мындан тышкары, азыркы убакта мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана юридикалык баа берүү боюнча бир катар тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев