“ЭККМКнын райондук бөлүмү “Ысык-Көл облусунун ишкерлери менен маектешүү” өткөрдү”

31 мая 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) (мындан ары - ЭККМК) Ысык-Көл облусунун Тоң, Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаары боюнча райондор аралык бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу боюнча планды, ошондой эле “ЭККМКдагы коррупцияларга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын планын” аткаруу үчүн ушул жылдын майында бизнес-коомдоштук менен “Ысык-Көл облусунун ишкерлери менен маектешүү” деген аталыштагы тегерек стол уюштурду.

Аталган иш-чарага ЭККМКнын Ысык-Көл облусунун Тоң, Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн өздүк курамы, өкмөттүк эмес уюмдардын, бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө ЭККМКнын 2018-жылдагы, ошондой эле 2019-жылдын өткөн мезгилиндеги ишмердигинин жыйынтыгы айтылды. Бүгүнкү күндө актуалдуу көйгөйлөр жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн мамлекет менен бизнестин кызматташуусун жакшыртуу боюнча катталган сунуштары талкууланды.

ЭККМКнын Ысык-Көл облусунун Тоң, Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн башчысы Кызмат тарабынан республиканын мыйзамдуу иштеп жаткан ишкерлерин мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берип, Кызматтын эң башкы милдеттеринин бири бизнести  өнүктүрүү үчүн максималдуу жакшы шарттарды түзүү болуп санааларын белгилеп өттү. Муну менен бирге, ал тегерек столдун катышуучуларына ЭККМКнын жетекчилиги тарабынан иштин багыты өзгөргөндүгүн айтты. Финансы полициясы чуулгандуу күч системасынан алыстаган, азыркы убакта көрсөткүчтөр өткөн жылдын жыйынтыгы менен салыштырылбастан, факт боюнча бааланат, эң башкы көрсөткүч мамлекеттик бюджетти толтуруу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы ишке киргизилген кодекстерге, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасын мамлекеттик органдарга ишке киргизүүгө тийиштүү маселелер, ошондой эле жарандардын кайрылууларын кабыл алуунун, кароонун жаңы тартиби, процесстик иш-аракеттер, сотко чейинки өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү талкууланды.

Бул жолгушуу бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан маселелерди талкуулоо үчүн зарыл шартарды түзүп берди. Түз маектешүү өтө көйгөйлүү маселелерди жана сунуштарды аныктоочу курал болуп калды.

Мындай иш-чаралар жарандардын жана ишкерлердин ЭККМК органдарына болгон ишенимди бекемдейт деп катышуучулар белгилеп өтүштү.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев