“ЭККМКнын Баткен облусу боюнча райондор аралык бөлүмү дизель майы бар эки жүк ташуучу унааны кармады”

13 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондору жана Баткен, Сүлүктү шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы менен бирге ведомстволор аралык топтогу рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, ушул жылдын 10-июнунда Лейлек районунун аймагынан, Кыргыз Республикасынан Тажик Республикасына 30 тонна дизель майын ташып бара жатканКамазмаркасындагы жүк ташуучу унааны кармашкан.

Кармалган унаалар айып короосуна киргизилген.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактарына контрабандаларды ташып кирүү фактыларын аныктоого, бөгөт коюуга багытталган активдүү чараларды көрүп жатат.

Фотоматериал тиркелет.

ЭККМК при ПКР.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев