ПРЕСС-РЕЛИЗИ

12 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2019-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) төрагасы Б.Д.Таиров башында турган делегациясынын Беларусь Республикасынын Минск шаарына болгон кызматтык иш сапарында ЭККМК менен Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контроль комитетинин отросундагы экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу болуп өттү.

Макулдашууга кол коюу эки өлкөнүн кызматташуусун бекемдөө үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Бул документ Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы натыйжалуу күрөшүү чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуу үчүн укуктук негизди камсыздоого мүмкүндүк берет, маалыматтарды алмашууну күчтүүлөйт, ошондой эле эки ведомствонун ишине жакшы дем берет.

Иш сапар учурунда экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуунун негизги, ошондой эле жакшы шарттарды түзүп бере турган келечекте мындан ары кеңейүү жана жакшы мамилелерди тереңдетүү маселелери талкууланды.

Бул иш сапар  Бишкек шаарындагы “Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ)” программалык кеңсенин колдоосунда уюштурулган.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев