“Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо!”

22 ноября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыз – Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Прокуратура Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасынын маанилүү бөлүгү болуп саналып, мыйзамды сыймыктануу менен коргойт, конституциялык укукту жана өлкөбүздүн ар бир жаранынын эркиндигин камсыздайт, мамлекетибиздин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салым кошуп келет.

Прокурор болуу – чоң сыймык жана өтө чоң жоопкерчилик. Сизге олуттуу милдет – укук, мыйзам үстөмдүгүн, акыйкатуулукту жана демократияны сактоо жүктөлгөн.

Ушул кесиптик майрамда сизге, иштеп жаткан кызматкерлерге жана прокуратура ардагерлерине бекем ден соолук, бакыт, бакубат жашоо, жакшылык, тынчтык жана Ата Мекен үчүн кызмат кылып жаткан оор ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев