“Акнет жоопкерчилиги чектелген коомго карата кылмыш иши боюнча” ПРЕСС-РЕЛИЗ

22 января 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) (мындан ары - ЭККМК) төмөнкүлөрдү билдирет.

 «Акнет» ЖЧКнын интернет-провайдерине карата мурун козголгон кылмыш ишинин алкагында салыктык документтердин (текшерүүлөрдүн) натыйжалары алынды, аларга ылайык кээ бир мыйзам бузуулар аныкталды, анын негизинде азыркы убакта аталган ЖЧК тарабынан 150 миллион сом өлчөмдөгү акча каражаттары мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүүнүн эсебине төлөнүп берилди. Аталган компания жумушун штаттык шартта улантып жатат, ЭККМКнын тергөөчүлөрүнүн тергөө иш-чаралары калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын ишине жана сапатына эч кандай таасир этпейт. Кылмыш ишти толук, ар тараптуу жана объективдүү изилдөөгө багытталган бардык зарыл тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, 2018-жылдын 22-ноябрында ЭККМКнын кызматкерлери мурун козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган ЖЧКнын кызматтык жайына сот тарабынан санкцияланган тинтүү жүргүзгөн, анын негизинде тергөөгө керек болгон документтер алынган, алар эч кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн ишине жана сапатына эч кандай таасир этпейт

Мындан кийин коомчулукта “Акнет” ЖЧКнын интернет-провайдеринин түзүк иштөөсүнө ЭККМК органдарынын мыйзамсыз “рейдерлик” жана саясий кийлигишкендиги сыяктуу ушактар активдүү жайылып кеткен, бул коомчулукту адаштырууга алып келген жана иштин чыныгы абалына туура келген эмес.

ЭККМК Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” чечимдеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбековдун Өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистеринин алкагында Кызмат тарабынан активдүү иштер жүрүп жаткандыгын билдирет. Мында, бир дагы бизнес-түзүм башка мамлекеттик органдардын артыкчылыктарын жана “кыянаттык менен коргоону” пайдаланбашы керек.

КРӨгө караштуу ЭККМК

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев