“ЭККМК чара көрүп, мамлекеттик бюджетке 2 миллиондон көп сомду кайтарды”

17 октября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Чүй облусунун Кемин, Чүй райондору жана Токмок шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында “ТДжоопкерчилиги чектелген коомдун (ЖЧК) айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөн четтөө фактысы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 “Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык республикага күйүүчү майды ташып кирүү жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер ведомстволук тиешелүүлүккө жана менчик түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрө фондуна төлөмдү Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасына ылайык  төлөшү керек.

Бул материалды карап жаткан учурда «ТД» ЖЧК өндүрүлгөн жана сатылган күйүүчү-майлоочу материалдардын саны боюнча маалыматты берди, ага ылайык токой тармагын коргоо жана өнүктүрүүнүн Чүй-Бишкек-Талас жергиликтүү фондунун эсептери эсептелди, натыйжада айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдүн 2 миллиондон көп сом эсептөөдөн кийин аныкталды. Мындан кийин аталган ЖЧК айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акча каражаттарын төлөп берди.

Ошентип, ЭККМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттин бюджетине  2 миллион 514 618 сом кайтаралып алынды.

КРӨгө караштуу ЭККМК

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев