“ЭККМКнын жетекчилиги Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушуу өткөрдү”

19 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2019-жылдын 11-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) административдик имаратында ЭККМКнын жетекчилигинин атынан төраганын орун басары Э.Э. Жамгырчиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ек мырза менен жолугушуу болуп өттү.

Аталган жолугушууга ЭККМК тараптан - ЭККМКнын Штабынын башчысы А.К.Мамбетов, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы У.А. Махмудов, Штабдын тышкы байланыштар секторунун башкы тескөөчүсү А.Т. Сатыбалдиев, ошондой эле Кызматтын башка кызматкерлери катышышты. Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан - KOICA директору О. Донггиль мырза, Элчиликтин кызматкери
А. Ерматова катышты.

Жолугушууну ЭККМКнын төрагасынын орун басары
Э.Э. Жамгырчиев ачып берип, Кызматтын атынан учурашып жана Корея Республикасынын элчилигинин өкүлдөрүнө келип бергендерине, кызматташууга даяр экендиктерине ыраазчылыгын билдирди, ошондой эле бүгүнкү күндө ЭККМКнын эң башкы милдеттеринин бири мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, өлкөнүн бюджетин толуктоо, ак ниет ишкерлерди жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо, бизнес жана өлкөгө инвестициянын келиши үчүн максималдуу жакшы шарттарды түзүү болуп санааларын белгилеп өттү.

Э. Жамгырчиев өткөн 2018-жылы Финансы полициясы органдарында аябай маанилүү окуя, тагыраак айтканда Кызматтын жоопкерчилигин, укуктук статусун жана ролун так аныктаган “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Мыйзамга кол коюлгандыгын баса белгиледи. Андан кийин жолугушууда ЭККМКнын ишмердигинин жыйынтыгы көрсөтүлүп, миллион деген сомдор өндүрүлүп берилген, аныкталган эң резонанстуу кылмыш иштери айтылды.

Ха Тэ Ек мырза өз кезегинде ЭККМКнын төрагасынын орун басары жана катышып жаткан кызматкерлери менен учурашып, мындан ары финансылык териштирүү жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү, кылмыштардын жаңы түрлөрүнүн бетин ачуу боюнча алдыңкы ыкмаларды жана технологияларды ишке киргизүү жаатында жемиштүү кызматташууга даяр экендигин, аталган маселелер боюнча көмөк көрсөтүшөөрүн билдирди.

Жолугушуу учурунда өз ара кызматташуунун эң эле артыкчылыктуу багыттары каралды, ошондой эле алдыга коюлган пландарды ишке ашыруунун келечеги белгиленди. Жолугушуу жылуу жана жакшы жагдайда өтүп, маектешүүдө тараптардын ортосунда өз ара кызматташуу мамилеси түзүлдү.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев