“ЭККМКнын жетекчилиги ишин билбеген кызматкерлерге карата өзгөчө катуу чараларды көрөт”

18 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Бүгүн, ущул жылдын 18-ноябрында ар жума сайын өткөрүлүүчү кеңешмеде ЭККМКнын төрагасы Б.Д.Таиров Кызматтын түзүмдүк жана аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу боюнча планды жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун тапшырмаларын аткаруу үчүн, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө тоскоолдук кылган коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, бөгөт коюу жаатындагы иштерди күчтөнтүүнү тапшырды.

 

Б.Д.Таиров ыйгарым укуктуу, көзөмөлдөөчү органдар менен бирге алдын алуучу көзөмөлдү жана маалыматтык кызматташууну камсыздап, ишкердик иштин субъекттеринин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо чөйрөсүндөгү мониторингди туруктуу негизде жүзөгө ашырууга тапшырма берди.

ЭККМКнын кызматкерлери текшерүүчү органдардын бизнестин ишине негизсиз кийлигишүүсүн бултурбоого милдеттүү, ошондой эле жазалоочу органдын эмес, өнөктөштүктүн функцияларын аткарып, бизнести өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүш керек. Мамлекеттик кызматкерлер менен ишкерлердин ортосунда коммуникациянын жаңы маданиятын аныктоо зарыл. Ишкерлерге коррупциялык жүйөлөр менен басым кылган кызмат адамдары бизнеске тоскоолдук кылып жатат, алар катуу жазаланышы зарыл. Бизнестин өкүлдөрүнө, анын ичинде, фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан басым кылган жана куугунтуктаган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштү кылдаттык менен жүргүзүү керек, бул таптакыр мүмкүн эмес. Мындай укук бузуулар мыйзамга, акыйкатуулукка жана экономикалык ишмердиктин эркиндигине ишенимди жоготот.

Ошондой эле, Б.Д. Таиров айрым башчылардын иштин абалын өзгөртүүгө жана жакшыртууга иш-аракет кылбай жаткандыктарын белгилеп өттү. Карамагындагы бөлүнүштөрдүн иштөө процесстери керектүү деңгээлде көзөмөлдөнбөй жатат, бул натыйжада татаал кырдаалдарга алып келет, биздин кызматкерлер жаман иштерге аралашканда жалпы Кызмат жапа чегет. Эгерде мага биздин кызматкерлердин “ак бизнестин” өкүлдөрүнүн ишмердигине мыйзамсыз/мыйзамдан ашкан кылык-жоруктары же кандайдыр бир кийлигишүүсү жөнүндө маалымат жетсе, анда мен эң катаал чараларды көрөм.

Кеңешменин аягында ЭККМКнын жетекчилиги өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча максималдуу натыйжалуулукка жетүү, ак ниет бизнести ишенимдүү коргоону камсыздоо  тапшырмаларын берди

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев