“Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү”

19 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Бүгүн, 2020-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара салтанаттуу түрдө болуп өттү.

Мындан, 27 жыл мурун (1993-жылы), Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен салык мыйзамынын бузулушун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле инспекциянын ишмердигинин жана анын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо максатында укук коргоо функциялары менен бөлүнүштөр түзүлгөн.

Ошондон бери финансы полициясы бир катар уюштуруп кайра түзүүлөрдөн өттү, анын түзүмү далай алмашкан, бирок бир нерсе дайым өзгөрүүсүз калган: ал элге кызмат кылуу, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган кызматтык милдетти аткарууда эрдик, туруктуулукту, жогорку кесипкөйлүүлүктү көрсөтүү.

Бул салтанаттуу иш-чарага Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — министр С.А. Кылжыев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.М. Араев, ЭККМКнын Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана Кызматтын өздүк курамы катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министр С.А. Кылжыев куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү, ал финансы полициясынын бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, финансы полициясы органдарынын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө абдан маанилүү ролу бар экендигин белгилеп өттү. Финансы полициясы экономикалык коопсуздукту жана бизнести коргоо боюнча кеңири ыйгарым укуктары бар укук коргоо органы болуп саналат. Мыкты иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин атынан баалуу белектер (энчилүү сааттар) тапшырылды.

ЭККМКнын төрагасы Б.Д. Таиров өзүнүн куттуктоо сөзүндө өздүк курамды куттуктап, финансы полициясынын жаш муундары салттарды сактап, көбөйтөт жана мамлекетке абдан берилүү менен иштейт деп белгилеп өттү.

Ошондой эле, ар кандай багыттар боюнча “Кызмат боюнча мыкты” деген номинациялар болду, анын негизинде эң эле өзгөчөлөнгөн жана жыйынтык көрсөткөн кызматкерлер  аныкталды. Талапкерлерге кесипттиктин символу катары эстелик статуэткалар тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ЭККМКнын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Финансы полициясынын ар бир кызматкери сыйлыкты алып жатып, бактылуу болду, себеби ал сүйүктүү кесиби, абдан керектүү жана маанилүү иши менен иштейт.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев