“ЭККМКнын кызматкерлери үчүн соттук-укуктук реформалардын алкагында тренинг болуп өттү”

6 августа 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын административдик имаратында ЭККМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери үчүн жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча тренинг болуп өттү.

Аталган тренингде өлкөнүн кылмыш-жаза, жазык-процесстик жана жазык-аткаруучу мыйзамдарын реформалоонунун концептуалдык негиздери каралды,   ошондой эле өзгөртүүлөр боюнча төмөнкү негизги темалар болду: “Юридикалык жактарга карата жазык-укуктук таасирдин мажбурлоо чаралары”; “Пробациялык көзөмөл”; “Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-процесстик кодекси боюнча жазык жоруктар”; “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри (КЖБР)”; “Кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам (КМЮЖ)”.

Бул тренингди өткөрүүнүн максаты кызматкерлерге жазык мыйзамдарынын өзгөртүүлөрү менен тааныштыруу, тажрыйбада бирдиктүү укуктук түшүнүшүү жана укуктук колдонууга жетүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, эл аралык ченемдер жана стандарттар, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Мыйзамын ишке киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бүгүнкү күндөгү чындык эске алынып, иштелип чыккан жаңы жазык мыйзамдары 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирет.

ЭККМК менен “Сорос-Кыргызстан” фондунун кызматташуусунун алкагында 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын мартына чейин жаңы жазык мыйзамдары боюнча  Кызматтын кызматкерлерин окутуу үчүн КРӨгө караштуу ЭККМКнын тергөө жана ыкчам кызматкерлеринин ичинен 3 тренер даярдалды. Окуунун графиги боюнча тренингдерди өткөрүү 2018-жылдын ноябрына чейин каралган. Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн окууларды өткөрүү пландалган.

Мындан тышкары, окуунун графиги боюнча Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жайгашкан тергөө бөлүмдөрүнө тренинг өткөрүү үчүн Ош шаарына эки жолу баруу пландалган.

Фотоматериал тиркелет.

   

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев