“Финансы полициясынын кызматкерлери мыйзамсыз сыйакы алуу фактысын аныкташты”

4 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Жалал-Абад облсунун Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнө “Т.Н.” деген жаран Базар-Коргон районунун райондук электр тармактарынын (РЭТ) юристи “С.Ж.” карата чара көрүү арызы менен кайрылган, ал арыз ээсинен электр энергиясына болгон карызына байланышкан сот иши боюнча маселесин оң жагына чечип берүү үчүн акча каражаттарын талап кылган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
238-беренеси (кызматчынын мыйзамсыз сыйакы алуусу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ушул жылдын 2-октябрында, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда, өзүнүн иш бөлмөсүнөн 10 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен, кылмыш үстүнөн  Базар-Коргон районунун РЭТинин юристи “С.Ж.”  деген жаран кармалды.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Ошондой эле белгилеп өтчү нерсе, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамына ылайык ЭККМКнын органдары тарабынан шектелген объекттин статусуна жана абалына карабастан чаралар көрүлүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев