“ЭККМКнын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын САКБнын улук сот аткаруучусу кылмыш үстүнөн кармалды”

25 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (ЭККМК) “М.С.” деген жаран Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн (САКБ) улук сот аткаруучусу “Ш.К.” карата чара көрүү арызы менен кайрылган, ал өз абалынан кыянаттык менен пайдаланып, арыз ээсине тийиштүү болгон кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу жөнүндө соттун чечими болгонуна карабастан андан доонун баштапкы суммасынан (18 600 сом) аткаруу жыйымынын 10% төлөмүн мыйзамсыз талап кылган жана кыймылсыз мүлктү камактан чыгарыш үчүн  10 миң сом өлчөмүндө (пара) кошумча акча каражатын опузалап талап кылган.

Аталган арыз сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Жогоруда аталган опузалоо фактысына бөгөт коюу максатында  ЭККМКнын кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү, анын натыйжасында ушул жылдын 23-июлунда Кызыл-Кыя шаарында САКБнын жайгашкан жери боюнча пара алып жаткан учурда кылмыш үстүнөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын САКБнын улук сот аткаруучусу “Ш.К.” кармалды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмыш кылды деп шектелип, пара менен кармалган улук сот аткаруучусу “Ш.К.” бөгөт коюу чарасын караганга чейин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Видеосюжет тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

https://www.youtube.com/watch?v=nqhzLpI1sW0&feature=youtu.be

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев