“ЭККМКнын кызматкерлери КММны (бензин) мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унааны кармашты”

16 января 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.

Ушинтип, 2020-жылдын 2-январында коштомо документтери жок, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын тийиштүү пломбасы жок бензин жыттанган суюктук куюлган жүгү (36 тоннага жакын) бар жарым чиркегич идиши менен "Вольво" үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

Азыркы убакта аталган унаа жагдайлар аныкталганга чейин айып короосуна киргизилген.

ЭККМК жалпы республика боюнча ушундай фактыларды аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды улантып жатат.

Муну менен бирге, ЭККМК мурун мыйзамсыз жол менен ташылган КММны аныктоо, ошондой эле аны шек жараткан түйүндөрдө (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) сатууну токтотуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдайбыз.

Урматтуу жарандар!

Сиздер эгерде КММнын белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатылышы (башаламан соода) жөнүндө кандайдыр бир маалымат билсеңиздер ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.

Муну менен бирге, белгилей кетчү нерсе, сапатсыз май сиздин унааңызды бузуп, айлана чөйрөгө орду толгус зыян, демек, жарандардын ден соолугуна да зыян алып келиши мүмкүн: дем алуу органдарынын өнөкөт оорууларынын саны көбөйүп жатат, тукум улоочу функция төмөндөп жатат, өлүм көбөйүп жатат.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев