“ЭККМКнын кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу курсун Астана шаарында өтүштү”

21 ноября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 12-ноябрынан 16-ноябрына чейинки мезгилде  Казакстан Республикасынын Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) кызматкерлери финансылык кылмыштарды иликтөө жана мыйзамсыз активдерди кайтаруу маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан (тренингдерден) өтүштү.

Окуу АКШнын элчилигинин колдоосунда, Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын Укук коргоо кызмат көрсөтүүлөр борборунун базасындагы Укук коргоо органдарынын академиясы тарабынан КМШга мүчө мамлекеттердин укук коргоо, көзөмөлдөөчү жана салык органдарынын кызматкерлери үчүн уюштурулган.

Окуунун программасы мүчө мамлекеттер сунуштаган тематикалар эске алынып, иштелип чыккан. Анын ичинен акчалардын изин жашыруу концепциялары, банк секторунда ички тергөө иштерин жүргүзүү негиздери, укук коргоо кызматынын ачык булактары менен болгон иш методдору жана чет өлкөдөгү  активдерди кармоо, ошондой эле кылмыш жолу менен табылган кирешелердин изин жашыруу каражаттары катары криптовалюталарды колдонуу мисалдары.

Муну менен бирге, уурдалган активдерди аныктоо жана кайтаруунун заманбап ыкмалары, чет өлкөгө чыгарылып кеткен кылмыштуу капиталдын изинен түшүү жана кайтарып алуунун дүйнөлүк натыйжалуу тажрыйбасы, бул чөйрөдөгү эл аралык өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн башкы багыттары сунушталды. Окуунун негизги максаты – экономикалык кылмыштарды тергеген адистердин квалификациясын жогорулатуу жана аларды аныктоодо тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Бул иш-чара ЭККМКнын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, финансылык кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу меттодорун өздөштүрүүгө,  экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүдө региондук кызматташуу ыкмаларын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берди.


         КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев