“ЭККМКнын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Нурсултан шаарында квалификациянын жогорулатуу курсунан өтүп келишти”

10 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2019-жылдын 27-майынан 31-майына чейинки мезгилде, Казакстан Республикасынын Нурсултан шаарында Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Укук коргоо органдарынын академиясынын (мындан ары - Академия) базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) кызматкерлери үчүн “Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана коррупциялык схема аркылуу алынган акчаларды адалдоого каршы аракеттенүү” деген темада семинар-тренинг болуп өттү. ЭККМКнын делегациясынын башында төраганын орун басары Абдылдаев Сагын Токонович болду.

Тренингдин жүрүшүндө киберкоопсуздук, акчаларды адалдоо  методдорунун жана схемаларынын негиздери, финансылык териштирүү жана аналитика, мамлекеттик органдардагы маалыматтык коопсуздук маселелерине тийиштүү темалар ачылды.

Окуунун негизги максаты – экономикалык кылмыштарды тергеген адистердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналган.

2019-жылдын 29-майында, Академиянын ректору юстициянын генерал-лейтенаты Мерзадинов Ергали Серикбаевич менен расмий жолугушуу болду, анда ЭККМК менен өлкөлөр арасында тажрыйба алмашуу үчүн Академиянын базасында түзүлгөн Региондук хабдын кызматташуусу мүмкүн болуп кала турган маселелер каралды.

2019-жылдын 30-майында, Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык мониторинг комитетинин (ФМК) төрагасынын орун басары – ФМКнын Экономикалык териштирүүлөр кызматынын жетекчиси Елиманов Жанат Калдыбекович менен расмий жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу кызматташуунун багыты талкууланды. Ошондой эле, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 7-отурумунун протоколун аткаруу үчүн ЭККМК менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык мониторинг комитетинин ортосундагы “Экономикалык (финансылык) кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө” макулдашууга кол коюуну тездетүү маселеси такууланды. Ошондой эле, кыргыз-казак чек арасы аркылуу товарларды ташуунун мыйзамдуулугун камсыздоо боюнча кызматташтык маселелери да козголду.

ЭККМКнын кызматкерлери иш сапар менен барганда, квалификациясын жогорулатып, банктык сектордогу ички териштирүү жүргүзүүнүн негиздерин өздөштүрүп, ошондой эле экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүдө региондук кызматташуу механизмдерин активтештире алышты.

Аталган иш сапар ийгиликтүү жана жемиштүү болду, ошондой эле кызматташуунун жаңы багыттарын, бир тууган элдин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындар ары да кеңейтүү келечектерин ачты.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев