“ЭККМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен бирге күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып кирүүдө салыктарды төлөөдөн качуу фактысын аныктады”

16 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2019-жылдын 9-июлунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары боюнча башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте “Күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз ташып кирүүгө, ташып чыгууга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын планын” аткаруу үчүн, республиканын аймагында акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, болжол менен кечки саат 19:00, Ош шаарынын аймагына барганда чоң идишинде КММ бар болгон беш жүк ташуучу унаа кармалган.

Товардык-транспорттук документтерге ылайык аталган унаалар 192 994 литр КММны (Бензанол БИ-95) Ош шаарынын май куюучу станцияларына  жалпы суммасы 62 миң АКШ долларга сатуу жана өткөрүү максатында ташып бара жатышкан.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
231-беренеси (бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Муну менен бирге, ЭККМКнын кызматкерлери көргөн чаралардын натыйжасында аталган жалпы сумма  534 миң сом келтирилген зыян сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мамлекеттин бюджетине толугу менен  өндүрүлгөн.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого, бөгөт коюуга багытталган активдүү чараларды көрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев