Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

14 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Түркия Республикасынын чек арасындагы бажы постторун кесип өтүүдө бажы мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу, ошондой эле  Түркияга барган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жазыктык кугунтуктоого туш болушун болтурбай коюу максатында, сиздерден Түркиянын аймагына ташууга уруксат берилген буюмдар менен товарлардын саны жөнүндө сунуш, ошондой эле Жүргүнчүлөр үчүн бажы жол көрсөткүчү «Yolcular İçin Gümrük Rehberi» - мобилдүү тиркемеге кирип, Түркиянын Жазык кодексинин (товарлардын кээ бир категорияларын ташып кирүү/ташып чыгуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жарандардын жоопкерчилиги бөлүгүндөгү) ченемдери жөнүндө  маалымат менен таанышып алууну өтүнөбүз.

«Yolcular İçin Gümrük Rehberi» мобилдүү тиркеме интернетке кошулбастан эле автономдуу шарттамда иштейт жана орус, түрк, англис, немец жана араб тилдеринде маалымат берет, смартфондорго жана планшеттерге "Google Play Store" жана "Apple Store" тиркемелеринде акысыз эле көчүрүп алса болот.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев