Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

31 августа 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! 

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалайм. Ар дайым үйүңүздөрдө тынчтык, береке жана ырыскы мол болсун.

Өз алдынча көз карандысыз мамлекет болуп өнүгүп-өсүп келе жатканыбызды сыймыктануу менен белгилеп кетким келет.

Бул күн эң маанилүү мамлекеттик майрамдардын бири десек болот. Баарыбызды бириктирип, мекенибиздин басып өткөн тарыхый жолдорун эске салат жана кең келечегибизге ишенимдүү кадам таштатат.

Биз экономикалык коопсуздукту сактоо менен мамлекетти бекемдей алабыз, бул ар бир өлкөнүн өнүгүшүнүн бирден-бир кошкон салымы.

     Майрамыңыздар кут болсун! Түбөлүк жашасын Кыргызстан!

Урматтоо менен

Төрага                                                    Б.Д. Таиров


 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев