Урматтуу республиканын ишкерлери!

20 сентября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди кесиптик майрамыңыздар − Кыргыз Республикасынын Ишкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Көз карандысыз жылдары Кыргызстандын бутуна турушунда «Кыргызстандын Бизнес-коомдоштугу» ар дайым коомго жана мамлекетке кызмат кылышкан.

Бүгүнкү күндө бизнес, кыйынчылыктарга карабастан өлкөнүн экономикалык өсүүсүнө колдоо кылган бекем базалык жөлөк болуп калды, ал экономиканын бардык тармактарында жана өлкөнүн бардык региондорунда өсүп жатат. Азыркы учурда сиздер өлкөнүн экономикасын алдыга жылдыруучусу болуп саналасыздар, жаңы жумуш орундарын түзөсүздөр жана бюджетти толтурасыздар.

Биздин достор жана өнөктөштөр – “ак” мыйзамдуу бизнестин өкүлдөрү биздин өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун көптөгөн коркунучтарына каршы күрөшүү маселелеринде финансы полициясынын башкы бирлиги, таза эмес атаандаштыкты, салыктарды төлөбөгөндөрдү, таза эмес иштеген мамлекеттик кызматкерлерди, албетте, чоң коррупциялык көмүскө схемаларды көрсөткөн маалыматчылар болуп саналышат. Албетте, биргеликте гана иштеп биз өлкөнүн экономиканын мыкты кылып өнүктүрө алабыз!

Бизнес субъекттеринин иштиктүү сындары, сунуштары жана мыкты идеялары өлкөдөгү бизнести өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясаттын тийиштүү чараларын көрүүгө түрткү кылат.

Мамлекет менен ишкерлердин өз ара катышы көбүнчө өнөктөштүк болуп бара жатат, ал эми текшерүүчү органдардын бизнестин ишине негисиз кийлигишүүлөрү кыскарып жатат.

Бардык ишкерлерге туруктуу өсүүнү жана өнүгүүнү каалайм. Бардык бизнес-долбоорлордун ишке ашышын каалайм. Ар бир башталган ишиңерди ийгилик коштоп жүрсүн! Бекем ден соолук, бакыт жана бакубат жашоо болушуна чын жүрөктөн тилектешмин!

Урматтоо менен  

ЭККМКнын төрагасы                                                       Б.Д. Таиров

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев