“ЭККМК мамлекеттик тил күнүн белгилешти”

3 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (финансы полициясы) (мындан ары - ЭККМК) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган бир катар салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Алардын ичинен эң мыкты дубал гезити конкурсу “Улут байлыгы - тилинде” темасында болду. Аталган конкурска, ЭККМКнын борбордук аппаратынын жана райондор аралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышышты.

Конкурстун шартына ылайык бир нече баскычтарда салгылашышты: дубал гезитин даярдоо, көрсөтүү жана коргоо. Конкурстун катышуучулары абдан чыгармачылык менен мамиле жасашты. Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүнү аныктоо абдан оор болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында  биринчи орунга - ЭККМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын командасы ээ болду, экинчи орунга эки бөлүм, ЭККМКнын контролдук-методикалык бөлүмү, ыкчам каттоо, талдоо жана издөө бөлүмү ээ болушту, үчүнчү орунга ЭККМКнын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн командасы ээ болду. Жеңүүчүлөргө куттуктоо грамоталары тапшырылды. Ошондой эле, катышуучулардын эң кооз иштери белгиленди. ЭККМКнын райондор аралык бөлүмдөрү дагы жерлеринде төмөнкүдөй сыяктуу ар кандай майрамдык иш-чараларды өткөрүштү: чыгармачылык номер, дубал газета жана видеоролик.

Ушундай иш-чараны өткөрүү ЭККМКнын жамаатындагы кыргыз тилинин ролу канчалык экендигин ачып көрсөтө алды.

Мындай майрамдарды өткөрүү кызматкерлерди бириктирет, элдин рухун көтөрөт, өткөндү, учурду жана келечекти белгилейт, тарыхка болгон сүйүүнү жана урматты  өстүрөт. Ошондуктан, кыргыз тили көз карандысыз эл үчүн абдан маанилүү.  

ЭККМКнын жетекчилиги тарабынан улуттук тилдин өнүгүшүнө көп көңүл бурулуп жатат, Кызматтын иш кагаздарынын толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев