“ЭККМКда 2019-жылдын 1-жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыктары боюнча коллегия болуп өттү”

26 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2019-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) административдик имаратында 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү, анда Кызматтын ыкчам-тергөө ишмердигинин жана анын аткаруу, кызматтык абалы тууралуу маселелер каралды.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичинде ЭККМК тарабынан экономика, салык салуу жана коррупция көрүнүш чөйрөсүндөгү кылмыштуу кол салуулардан мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо боюнча таасирдүү
иш-чараларды көрдү. Алынган жыйынтыктар кызматтын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуунун оң динамикасын көрсөтүп турат.  

ЭККМКнын укук бузууларды, зыянды өндүрүү жана козголгон, ошондой эле 2017-2019-жылдарга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган кылмыш иштер боюнча ишмердигинин жалпы көрсөткүчтөрү.

2017-жылы – финансылык укук бузуулардын 1600 факты аныкталды, келтирилген зыян 4 млрд. 294 млн. сомду түздү. 2 млрд. 333,5 млн. сом, анын ичинде мамлекеттин бюджетине (казыналыктын региондук бөлүмдөрү аркылуу) 1 млрд. 332,8 млн. сом өндүрүлүп берилди.

2018-жылы: – финансылык укук бузуулардын 1568 факты аныкталды, келтирилген зыян 6 млрд. 231,8 млн. сомду түздү. 4 млрд. 351,6 млн. сом, анын ичинде мамлекеттин бюджетине (казыналыктын региондук бөлүмдөрү аркылуу) 1 млрд. 947,5 млн. сом өндүрүлүп берилди.

         2019-жылдын 6 айынын ичинде – КЖБРге 1 495 сотко чейинки өндүрүш катталган, келтирилген зыян 4 млрд. 399,9 млн. сомду түзгөн. 2 млрд. 826,2 млн. сом, анын ичинде мамлекеттин бюджетине (казыналыктын региондук бөлүмдөрү аркылуу) 1 млрд. 798,2 млн. сом, Бирдиктүү депозиттик эсепке (БДЭ) 362 млн. (БДЭ ачылгандан тартып ЭККМК тарабынан 738 миллион 441 миң 12 сом) өндүрүлүп алынган. Кызматты камсыздоо үчүн 2019-жылы 175 миллион 458 миң сом жумшалган, ал эми бүгүнкү күндө 2 млрд. 826,2 млн. сом өндүрүлгөн, бул, органдын рентабелдүүлүк көрсөтүп турат. 

Муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында аталып өткөн тапшырмаларды, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” чечимдерин аткаруу, өлкөнүн укук коргоо жана сот системасында санариптештирүүнү ишке киргизүү үчүн, ошондой эле 2019-жылдын 1-январынан тартып сот реформасын ишке ашыруу максатында Автоматташтырылган маалыматтык система - Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри “КЖБР” ийгиликтүү ишке киргизилди. Иш-аракеттер жаңы “Жоруктар жөнүндө кодекси”, “Жазык кодекси” жана “Жазык-процесстик кодексине” ылайык жүргүзүлгөн. Отчеттук мезгилде
1 495 сотко чейинки өндүрүш катталган, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 981 укук бузуу аныкталган, бул кайрылуулардын жана арыздардын көбөйүшүндө чагылдырылган жарандык коомдун ишеними бир кыйла жогорулаганын көрсөтүп турат.

Аталган мезгилде салыктык кылмыштар боюнча 366 сотко чейинки өндүрүш катталган, келтирилген зыяндын суммасы 3 млрд 863,3 млн. сомду түзгөн, бул 2018-ж. тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 740,9 миң сомго көп. Анын ичинен 2 млрд 222,8 млн. сом өндүрүлүп алынган.  

Кызматтык укук бузуу фактылары боюнча 61 сотко чейинки өндүрүш катталган, анын ичинде пара талап кылуу факты боюнча 10 сотко чейинки өндүрүш катталган.

Контрабанда жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактыларына бөгөт коюу иштери боюнча Кызмат тарабынан республиканын аймагындагы акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган активдүү иш-аракеттер көрүлгөн. Бүгүнкү күндө контрабанда, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу жана товарларды мыйзамсыз ташып кирүү (ташып чыгуу) фактылары боюнча 40 сотко чейинки өндүрүш катталган. Келтирилген зыян 30,4 млн. сомду түзгөн. Аныкталган фактылар боюнча мамлекеттин бюджетине 40,5 млн. сом өндүрүлгөн.

Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына элдик керектөөдөгү товарлардын мыйзамсыз ташылып кирүүсүнүн 73 фактысы аныкталган.

ЭККМК тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды мыйзамсыз ташып кирүү боюнча бир нече резонанстуу кылмыштуу схемалардын бетин ачты. Кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында жалган адамдарга (селсаяктар, баңгилер) таризделген ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жүктөрдү, товарларды ташуу боюнча коррупциялык схемалар аныкталды. Эсептелген салыктар түрүндө келтирилген зыяндар 87 млндон көп сомду түздү.

Бүгүнкү күндө аталган ишти иликтөөнүн алкагында 5 ишкерүрткүч) камакка алынган, 3 сыртка чыкпоо жөнүндө кол кат менен турат.

Кызмат тарабынан мыйзамсыз ташып кирүү же акциз боюнча төлөнбөгөн 16 млн. сомдон көп суммадагы 844,3 тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) аныкталды. Мындан тышкары, “Бензанол БИ-92” акцизи жок КММны мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыштуу схема аныкталган.

Кара ниет ишкерлер республиканын аймагына “Бензанол-БИ92” ташып, кийин  жол-жобосу жок түздөн-түз Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катыштыгы жок эле республиканын май куюучу станцияларынын биринен КММ, кийин бензин катары сатуу үчүн куюп келгендиги аныкталды. Аныкталган фактылар Талас, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталган.

         КММны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле КММны көчөлөрдө жана жеке үйлөрдө башаламан сатуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында 48 протокол тийиштүү жазапулдары менен түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ишмердигине жүргүзүлгөн талдоо 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында ыкчам-кызматтык ишмердикте келтирилген зыянды кайтарып алууга, коррупциялык кылмыштарды аныктоого басым жасалганы аныкталды.

Муну менен бирге, бир катар терс факторлор бар экендиги белгиленди, тагыраак айтканда товарлардын акциз алдындагы тобун мыйзамсыз ишке ашырууну, тендерлерди жана мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө укук бузууларды жана кызматкерлерге мыйзамсыз сыйакы берүүнү аныктоо боюнча чаралар толук эмес түрдө жүргүзүлүп жатат, натыйжада бул ыкчам-тергөө ишмердикке жана жалпысынан финансы полициясына коюлган милдеттерге жана максаттарга жетүүгө терс таасирин тийгизет. Кызматтын жетекчилигинин бөлүмдөрдүн башчыларына башкаруу жана уюштуруу ишиндеги кемчиликтерин эскертүүсү тийиштүү өзгөрүүгө жана карамагындагы бөлүмдөрдүн ыкчам-тергөө ишмердигинин абалын жакшыртууга алып келбегенин өзгөчө белгилей кетүү керек.

        Жогорудагылардын негизинде, ошондой эле райондор аралык бөлүмдөрүн жана тергөө бөлүмдөрүнүн ишмердиктеринин абалын өзгөртүү үчүн жана 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишинде кемчиликтер сакталган жана төмөн көрсөткүчкө ээ жетекчилерге, ошондой эле ыкчам-тергөө курамына карата катуу чаралар көрүлөт.

Коллегиянын акырында ЭККМКнын төрагасы Б.Д. Таиров, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн башчыларына республиканын контролдук-өткөрмө пунктунда мобилдүү топтун ишмердигин көзөмөлдөөнү жана мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүгө, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жогорулатуу, мыйзамдуу бизнести ишенимдүү коргоону камсыздоо, ошондой эле укук бузууларды аныктоонун натыйжасын жогорулатуу жана болгон кемчиликтерди жоюу боюнча максималдуу натыйжалуу иштерге жетүүгө тапшырма берди.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев