“ЭККМК Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин өкүлү менен жолугушуу өткөрдү”

9 октября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Бүгүн, ушул жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Б.Д. Таиров Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин өкүлү, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси В.Н. Лузганов менен жолугушту.
Аталган жолугушууга ЭККМКнын төрагасынын орун басарлары
С.Т. Абдылдаев жана Э.Э. Жамгырчиев катышты.
Жолугушуунун алкагында КРӨгө караштуу ЭККМКнын төрагасы укук коргоо органдарынын системасын реформалоону ишке ашырууда финансы полициясынын иш-милдеттери бир кыйла кеңейип, жоопкерчилик көбөйгөндүгүн айтты. Муну менен бирге азыркы күндө Кызматтын башкы милдеттеринин бири республиканын ишкерлерин мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо жана бизнес, өлкөгө инвестициянын келүүсү үчүн максималдуу жакшы шарттарды түзүү болуп саналаарын айтты.
Б.Д. Таиров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө активдүү кызматташуусу Кыргыз Республикасынын да, Россия Федерациясынын да жарандарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыздай алат деп белгилеп өттү.
Өз кезегинде В.Н. Лузганов мырза ЭККМКнын демилгесин колдоп, макулдугун билдирди, бул Кыргыз-Россия мамилелерин бекемдөөгө жаңы кадам экендигин, мында эки тууган өлкөлөрдүн жакшы инвестициялык чөйрөсүн түзүү жана ишкерлерди коргоо маселелерине жардам боло тургандыгын  белгилей кетти.
КРӨгө караштуу ЭККМК.
 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев